Айран ашыкча салмактан арылтат

25-02-2017

Айран- сулуулук менен мыкты ден соолуктун кепилдиги.

Диетологдор бир ооздон айран зыяны жок, пайдалуу сүт азыгы экенин баса белгилешет. Анын сыры эмнеде?

Айран кальцийге бай

Айрандын курамындагы кальций ашказанда кыйынчылыгы жок сиңет. Бир стакан биойогурт (тирүү бактериялар кошулган түрү) ашказанга көптөгөн керектүү заттарды жеткирет, алардын башкы максаты сөөктү бекем кылган кальцийден турат. Дарыгерлердин кеңеши боюнча сүттүү азыктарды ар дайым кабылдоо сөөк ооруларын алдын алат.

Айрандын курамында белок бар

Бир стакан жеңил айранда 5-9 грамм толук кандуу белок кездешет. Ал ашказанга керектүү болгон амино кислотасынан турат. Бул өтө керектүү себеби, ашказан баардык аминокислотаны өзү синтездеп чыгат. Бирок 9 амино кычкыл түрү ашказанга керектүү болгону менен тамак аркылуу гана денеге сиңет. Тагыраак айтканда белок күндөлүктү колдонгон азыктардын курамында болуусу керек.

Айран ашыкча салмак менен күрөшүүдө натыйжалуу жардам берет

Бул йогурттун дагы бир жакшы касиети. Май менен белоктордун туура карым-катнашы курсакты ток кармап, ашыкча салмак кошууда сактайт.

Айран иммунитетти бекемдейт

Сыркоолоп калган мезгилде кабыл алып жаткан дары дармектер, антибиотиктер ашказанды коргоочу, пайдалуу бактерияларды жууп салат. Айран - аларды калыбына келтирүүнүн эң оңой жолу. Заманбап бифидо, лакто, ацидофиль бактериялары бар айран тамак-ашты сиңирүүдө жардам берип, витамин, минералдар менен камсыз кылат.

Айран лактозаны кабылдай албай тургандарга да колдонууга болот

Сейрек кездешүүчү бул оору ашказандагы лактозанын өлчөмүнө байланыштуу болот. Бул фермент лактоза, сүт кычкылын кабыл алуу үчүн жооптуу болуп саналат. Башкача айтканда сүт азыктарын тамактана албаган адамдарда оорунун баштапкы этабы байкалат.

Биз жеп жаткан ар түрдүү тамак-аштар аркылуу ашказаныбызга бактериялар, вирустар, уулуу заттар кирип кетүүсү ыктымал. Алардын баарынан коргоо, зыяндуу вирустарга каршы туруу ашказандын мойнуна жүктөлөт. Стресс, гармоналдык өзгөрүштөр, түрдүү дарыларды кабылдоо ал үчүн өтө оор болушу мүмкүн. Пайдалуу бактериялар мисалы, бир чөйрөдө өмүрүн уланта албай калышы мүмкүн. Ошондуктан, ашказанга жардам берип, анын ишин иретке келтирүү үчүн айранды күнүгө кабылдап турууга аркет кылыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!