Зат алмашуу процессин жакшыртуу аркылуу арыктоо

18-Ноя. 2017, Ишемби, 10:27

Адам жашы улгайган сайын зат алмашуу процесси солгундап, салмак кошо баштайт. Эртең мененкисин бул беш ыкманы жасай турган болсоңуз, салмак таштап гана койбой, өзүңүздү жеңил, күч-кубатыңыз ашып жаткандай сезесиз.

Керилүү
Таң атканда керилип көнүгүү жасоо зат алмашууну жакшыртууга жардам берет. Муну керек болсо ордуңуздан турбай жатып алып, жасоого да болот. Бирок ордуңуздан тургандан кийин жакшылап тартынууну унутпаңыз.

Секирүү
Эртең мененкисин машыгуунун катары милдеттүү түрдө скакалка менен секирүүнү кошуу керек. Эгер машыгууга эч убакыт таппай жатсаңыз,чайнек кайнаганын күткөн маалда же башка да учурларда жөн гана бир орунда туруп секириңиз. Бул денеңизди чыныктыруу менен катар маанайды көтөрүүгө жакшы таасир берет.

Лимон кошулган суу
Организмди токсиндерден тазалап, метаболизмди жакшыртуу үчүн эртең менен бир стакан жылуу суу ичиңиз. Ичеги-карын оорубаса, анда ага бир нече тамчы лимон ширесин кошуңуз.

Таңкы ашка жумуртка

Жумуртка – белокко бай, ал эми белок метаболизмди ылдамдатат. Таңкы тамактануу учурунда жумуртканы сууга бышырып жеңиз, жемиштер менен булакмыкты да унутпаңыз.

Эртең мененки тамактан кийин алма
Алманын курамында да зат алмашуу процессин тездетүүчү пектин бар. Ар тамак ичкен сайын алма жесеңиз, организмиңиз сизге ырахмат гана айтат.

Ушул беш ыкманы колдонуу менен өзүңүз каалаган келбетке ээ болосуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!