Диетанын эң көп жасалган каталары

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 13:22

Тез аранын ичинде арыктоону каалагандар бир нече каталарды кайталап жасап келишет. Бул катачылыктар сиз каалаган салмакка жетүүгө бөгөт коёт. Ар бир адамдын организми ар башка болгондугу үчүн түрдүү диеталар ар кимге аркандай жыйынтык берет.

Алар төмөнкүлөр

1- Көп убакыт ачка калуу

Тез арыктоо үчүн жасалган каталардын баш сабында көп убакыт ачка бойдон жүрүү. Тамак ичип бүткөндөн соң организмде сиңирүү иштери иштей баштайт жана ал үчүн көп энергия сарпталат. Ачка жүрүү жана аз тамактануу зат алмашуу процессин жайлатат. Ошондуктан тамактардан баш тартпай, тамактануу рационуңузду карап чыгыңыз.

2- Нанды таптакыр баш тартуу

Нан жана көмүр кычкылы көп өлчөмдөгү камтыган азыктардын ашыкча керектөө сунушталбайт. Бирок толугу менен нандан баш тартуу терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Нандын ордун арпа уну сыяктуу башка азык менен алмаштырса болот. Тамак-аштан баардык көмүр кычкылын алып салуу булчуң массасын жоготуу коркунучун туудурат.

3- Сууну аз ичүү

Суу көп ичсе денеде шишиктер пайда болот деп көпчүлүк сууну аз ичишет. Суу толук кандуу ичилбесе тамак сиңирүү системасынын иштөөсүнө зыян алып келет. Күн сайын сууга караганда чай же кофе көп ичилет, бул деген зат алмашуу процесси жайлап, курсактын чыгып кетүүсүнүн себептеринин бири болуп саналат.

4- Таттуу деп мөмө жемиштерди жебей коюу

Жемиштерде кант көп санда болсо да, бирок витамин жана минералдарды алуу үчүн жеш керек. Мөмө - жемиштердин курамындагы антиоксидант затынын көлөмү жогорку жана ооруга каршы коргоону касиеттин түзөт. Тамактануу ортосунда, тамактан кийин жемиштерди жесе ашыкча салмак кошулбайт. Эскертүү! Түнкүсүн болсо көбүрөөк жемиш жесе салмак пайда кошушу мүмкүн. Ошондуктан күндүз гана мөмө-жемиштерди жегениңиз туура.

5- Жер-жемиш жана мөмө жемиштерин гана жеп арыктоо

Белгилүү болгондой, цитрус жемиштери С витаминине бай. Ал эми бул витамин организмде картизолдун, башкача айтканда, майдын топтолушун шарттоочу гормондун иштелип чыгышына тоскоолдугун тийгизет. Бирок ошол эле учурда эт, май жегенди да унутта калтырбаңыз. Тооктун, үндүктүн, балыктын эти адамды ток кармайт. Баарынан жакшы жери, алар майдын чогулуша алып келбейт, тескерисинче, алардын курамында булчуң эттер үчүн курулуш материалы болуп берчү аминокислоталар бар.

Андыктан ашыкча семиргиңиз келбесе, койдун майын жана камыр тамак жегенди чектегениңиз жөндүү. Бирок, организмге белок керектелет. Муну камсыздагыңыз келсе жумуртка, кара кесек эт, балык жеңиз. Мындайда эт менен балыкты куурубай кайнатканыңыз оң. Майлуулугу аз сүт, быштак, айран да пайдалуу. Өзгөчө коллориясы аз болгон жашылчаны куурубасаңыз ашыкча эттенүүнүн алдын алган болосуз.

6- Тез арада дене боюн келишимдүү кылуу үчүн арыктоо

Канчалык кыймылдуу болсоңуз, ошончолук келбеттүү болосуз. Анткени, физикалык активдүүлүк организмдеги зат алмашууну жакшыртат жана майларды эритүүчү заттын иштелип чыгышын жакшыртат. Бирок ошол эле учурда жалаң жашылча-жемиш менен азыктанып күчтүү тамактардан баш тартсаңыз жетиштүү белок, минералдар менен организм камсыз болбойт. Андан улам алсыздык, чарчаңкы абал, стресс жана денедеги ашыкча протеиндин менен кальций калдыктары чыгып сөөктөр борпоң боло баштатйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!