Салмак кошуунун жолдору

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:05

Арыктоо кандай кыйын болсо, салмак кошуу да чоң түйшүк болуп саналат. Анткени, бул арык адамдардын кыялына да айланат. Өз дене бүтүмүн калыпташтырып, сулуу көрүнүү ар бир адам үчүн маанилүү. Өзгөчө арык келген кыздар толгусу келээри сөзсүз. Жөн гана толуу эмес, өз формасын калыпташтырып, дене мүчөсүнүн келишимдүү көрүүнүсүн, келбетинин тартымдуу болуусун каалашат эмеспи.

Ал үчүн эмне кылуу керек?

Эң алгач тамактануу процесси

Туура тамак тандаганды билиңиз! Курамында белок мол кездешкен азыктар менен тамактаныңыз. Көмүр суусу бар тамактарды көп пайдаланып, каллориясы жогору тамактарга көчүңүз! Майлардан турган азык-түлүктөр да жогорку мааниге ээ. Ун, макарон азыктары, картошка жана таттуу токочтор менен тамактаныңыз. Тамак ичкенден кийин бир аз дем алып алганыңыз оң. Өтө катуу кыймылда болуунун да кажети жок. Бирок, формаңызды калыпташтыруу жолунда көнүгүүлөрдү жасоону унутпаңыз!

Күн ваннасын кабыл алып, күн сайын 20 мүнөттүк туура дем алуу көнүгүүлөрүн жасап турсаңыз жакшы жардам берет. Атайы тренажер залына барып, толуу үчүн машыгыңыз. Ал сиздин буттарыңыздын сулуу болуп, колдоруңуздун күч жыйналуусуна таасир берет. Болгону убактысы менен пайдалуу тамактана билиңиз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!