Керилүү машыгууну алмаштыра алабы?

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 13:07

Көпчүлүк адамдар эртең менен спорт менен машыгууну өздөрүнө убада беришип, бирок жумушту шылтоолоп, убакыттын жоктугун айтып эртең мененки көнүгүүнү эстен чыгарып коюшат. Бирок медицина тармагында акыркы изилдөөлөр боюнча эртең мененки машыгууну адаттагы керилүү менен гана алмаштырууга болоорун аныкташты.

Баардыгыбыз уйкудан турар замат булчуң эттерибизди калыбына келтирүү үчүн керилебиз. Бир кызыгы, эртең мененки керилүү йога менен машыккан менен барабар натыйжа берет экен. Жалгыз гана айырмачылык- ар бирибиз керилүүнү төрөлгөн күндөн баштап билебиз. Ал эми негизги тапшырма-туура керилүү, ошол аркылуу ден соолукка оң таасир берип, жан дүйнө ырахатын сезүү. Түнкү уйкудан кийинки созулчу булчуң эттер токсиндерден кутулуп, кошумча кычкылтек менен толтурулат. Омуртка менен созулуу ички мүчөлөр менен кан айлануу функцияларын жакшыртат. Ошондой эле денеге күчтүү энергия менен жеңилдик тартуулайт.

Кантип туура керилүү керек?

Эртең менен көзүңүздү ачкандан кийин жайланып жатып, биринчи кезекте, жагымдуу нерселерди ойлонуңуз. Андан кийин, төшөктүн четине жай отуруңуз. Бул абалды йогада горизонталдуу пассивдүү орто жана тик активдүү орто деп аташат. Эртең мененки машыгууну терең дем алуу менен баштаңыз. Терең дем алууну бир нече ирет кайталап, өз сезимдериңизди тыңшап, тик керилүүгө өтүңүз. Колдоруңузду жогору көтөрүп, жай ылдый түшүрүңүз, ушул маалда оюңуздан керексиз нерселердин баарын чыгарып таштаңыз. Оңго,солго жана артка карай керилиңиз. Дененин кээ бир бөлүктөрүндө чымыркануу пайда болсо, ага көп көңүл бөлбөңүз, бирок ашыкча катуу кетпеңиз.

Бул көнүгүүлөрдү жасап бүткөндөн кийин душка түшсөңүз болот. Буларды күндө кайталап туруу сизге күнү бою көтөрүңкү маанай жана секгектик тартуулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!