Төрөгөндөн кийин ичти кантип кетирсе болот?

21-Дек. 2017, Бейшемби, 13:08

Эне аталуу кандай гана кубаныч жана бакыт. Ошону менен бирге жаш энелер көп өтпөй түрдүү кыйындыктарга кабылышат. Кыз кезинде келбеттүү дене мүчөсүн жоготкон кээ бирөөлөрү кээде стресске түшүп кетишет. Өзгөчө, ичтин «шалбырап» калганына тынчсыздангандар көп. Мурунку калпка келүү үчун эмне кылуу керек?

Адатта табигый жол менен төрөгөндөн кийин келиндердин кайра калпына келүү үчүн сегиз жумадай убакыт кетет. Ал эми кесар жолу менен төрөгөндөр үчүн бул бул убакыт эки-үч айга чейин созулат. Башында жөнөкөй гимнастика менен машыгып, убакыт өткөн сайын төмөнкү машыгуу комплексине өтө баштаган оң. Бул көнүгүүлөр ичиңизди тартып, дене мүчөңуздү калыбына келтирүүгө жардам берет.

1.Көнүгүү:

Алаканга тиренип, отуруп, бутту артка алып, тизени бүгүп, кайра түздөнүп туруп, секиребиз.

2. Көнүгүү:

Алаканыңызды полго тийгизип, колду түз кармап. Оң бутту артка түз созуп, сол бутуңузду бүгөсүз. Арканы да тик кармап туруу керек. Андан кийин 30 секунд ичинде эки бутуңузду тез-тезден алмаштырасыз.


3. Көнүгүү

Чалкаңыздан жатып, эки колуңузду желкеге кармап, буттарыңызды бүгөсүз. Денебиздин жогорку бөлүгүн оңго-солго бурабыз. Ар бир бурулган сайын бир аз токтоп, көнүгүүнү 20 мүнөт жасайсыз.

4. Көнүгүү

Чалкалап жатып, колду жазып, жамбашыңыздын алдына коюңуз. Бутуңузду созуп, тик кармайсыз. Оң бутуңузду көтөрүп, жай түшүрөсүз. Оң бутту түшүрүп жаткан кезде, сол бутту өйдө көтөрөсүз. Бутту түшүргөндө жерге тийгизбеген жөн. Бул көнүгүүнү 20 жолу кайталагандан кийин дем алып алып, кайра 20 жолу кайталайсыз.

5. Көнүгүү

Чыканактарыңызды жерге тиреп, денеңизди тик кармап, буттарыңызды артка созуңуз. Бутуңуздун башы менен жерге тирелиңиз. Ушул калыпта эч кыймылдабай бир мүнөт туруңуз. Бир аз эс алып алгандан кийин дагы бир нече ирет кайталаңыз.

6. Көнүгүү

Полго чалкаңыздан жатып, эки колуңузду эки жакка созуңуз. Ал эми буттарыңызды тик жазыңыз. Сол бутуңузду көтөрүп, жай оң жакка алып барып, буттун учун полго тийгизиңиз. Жай кыймыл менен кайра ордуна алып барасыз, ушул эе ыкманы сол бут менен да кайталайсыз. Бул көнүгүүнү ар бир бут менен 10дон 20 жолу жасайсыз.

7. Көнүгүү

Эки колуңузду ийинге кененирээк алып, алакандарыңызды жерге коюп. Денеңизди тик кармап, бутуңуздун учун жерге тиреңиз. Чыканакты бүкпөй, колуңузду тик кармаңыз. Белиңиди бүкпөй «отжимание» жасаңыз. Отжимание учурунда сол жак бутуңузду бүгүп, тизеңизди чыканагыңызга тийгизиңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!