Толуктуктун эч ким билбеген коркунучу

9-Янв. 2018, Шейшемби, 10:07

“АКШнын окумуштуулары ашыкча салмак канды түзгөн клеткаларга терс таасир берерин аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы “Journal of Experimental Medicine” басылмасына жарыяланды”, - деп кабарлайт РИА Новости маалымат агенттиги.

Чычкандарга тажрыйба жасоо аркылуу изилдөөчүлөр семиздик гемопоэтикалык стволдук клеткаларга же болбосо гемоцитобласттарга оорчулук келтирерине көз жеткиришти.

Семиздикке чалдыккан чычкандардын клеткаларынын түзүлүшү өзгөрүп, алардын узак убакыттан бери иштеп турган жумушуна тоскоолдук жаралган. Андан соң окумуштуулар чычкандарды арыктатып, калптуу салмакка алып келишкени менен түзүлүштөгү өзгөрүштөрдүн бир бөлүгү сакталып калган.

Окумуштуулар муну “Gfi1” генинин жогорку экспрессиялуулугу менен байланыштуу деген ойго келишкен. Өз кезегинде бул организм семиздикке чалдыккан кезде пайда болчу өнөкөт стресске алып келет.

Бул ачылыш аркылуу изилдөөчүлөр адамдын тамактануусу кан клеткаларынын түзүлүшү менен кандын бузулушуна кандай таасир берерин аныктоого мүмкүндүк берет деген ойдо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!