Велосипед тебесизби?

16-Янв. 2018, Шейшемби, 13:03

Велосипеддин же болбосо эл арасында “шайтан араба” деп аталган бул жүргүнчү ташуучу каражаттын пайдасы тууралуу кеп козгосок.

Азыркы заманда велосипед тээп көрбөгөн адам жок чыгар. Ойлоп табылгандан баштап велосипед азыркы убакка чейин эң белгилүү жана жеңил үйрөнө алчу унаанын түрү болуп саналат. Көпчүлүк окумуштуулар велосипедди адамзат тарыхындагы эң гениалдуу ойлоп табуучулук экенин белгилүү экенин айтып келишет.

Бүгүнкү күндө велосипеддер жеңил, ыңгайлуу, ылдам жана пайдалуу болуп эсептелет. Велосипед менен жүрүү бул – спорт, хобби жана дарылануу, кээ бир оорулардын алдын алуу ыкмасы катарында да пайдалуу. Кайсы жагынан албайлы жалаң гана оң жактарын байкайбыз.

Өкүнүчкө карай жергебиздин көпчүлүк аймактарында велосипед тебүүгө арналган атайы жолдор салынган эмес. Бирок бул велосипед теппей коюга себеп боло албайт. Себеби окумуштуулардын айтуусу боюнча, велосипед адам денесинин баардык организмине олуттуу таасир берет. Ар бирине өз-өзүнчө токтолуп өтсөк.

Гиподинамияга (аз кыймыл) каршы эң мыкты машыгуу. Көпчүлүк шаар тургундары аз кыймылдашат эмеспи. Алар автобус, унаа менен жүрүшүп, кийин өз батирлеринде отуруп алышып гиподинамияга чалдыгышат. Велосипед аталган көйгөйлөрдүн жеңил чечими.

Велосипед эң жакшы кардио тренажер. Велосипед тепкен кезде жүрөк булчуң эттери жакшы иштеп, дене бой чыңдалып, чымырлана түшөт. Мындай машыгууну адат кылып алсак, жүрөккө башка физикалык көнүгүүлөр жеңил сыяктуу болуп калат.

Велосипед тебүү булчуң этти чыңдап, организмдин чыдамдуулугун арттырат. Көңүлүңүздү көтөрүп, күнү бою сергек жүрүүңүзгө кепилдик болот.

Велосипед тебүү – ашыкча салмактан арылууга жакшы жардам берет. Ал буттун булчуң эттерин машыктырып, чымыркантат.

Велоспорт стресстен арылуу менен жаштыкты узакка сактоонун жеңил жолу. Изилдөөлөр көрсөткөндөй велосипед менен машыккандардын орточо жашы башкалар менен салыштырмалуу 5 жылга узак экен.

20 жылга созулган бул изилдөөгө велосипед тепкен 5 миң адам катышкан. Алардын ар кайсысы велосипедди күндө колдонгон адамдар. Изилдөө натыйжасында велосипедди жогору ылдамдыкта айдагандардын өмүр жашы узак болоору далилденген.

Бирок велосипедди өтө тез айдоо жүрөк оорулары бар, физикалык машыгууларга көнбөгөндөр үчүн зыян болушу мүмкүн. Велосипед менен сейилдеген кезде бут, сан булчуң эттери иштеп турат. Ошону менен бирге, курсак, жамбаш, балтыр, тизе да машыгат. Мындай спорт түрү кыймылдапганда кыйынчылык туудурган же варикозго чалдыккандар үчүн жакшы дары боло алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!