Организмдеги май ден-соолукка пайдалуу

30-Янв. 2018, Шейшемби, 11:14

АКШ Улуттук ден-соолук сактоо институтунун окумуштуулары денедеги майдын адамга пайдасы бар экенин далилдеген бир нече изилдөө жумуштарын жүргүзүштү. Аталган изилдөөнүн аркасында майдын курамындагы спецификалык иммундук клеткалардын инфекция менен күрөшүүгө жардам берери аныкталды . Бул тууралуу “РИА Новости” сайты билдирет.

Ясмин Белкейд башкарган изилдөөчүлөр тобу денедеги майдын курамында Т-лимфоциттеринин көп өлчөмдө кездешерин аныкташты. Аталган клеткалар инфекциянын курулушун билип алышып, аны кайра жуктурган кезде каршы жооп берип турган.

Т- клеткалары башка организмдеги клеткаларга караганда инфекцияга күчтү реакция беришет.

«Бул — сыйкырлуу чөп дарыга окшош. Ал эске сактоо жөндөмүнүн Т-клеткаларын ишке кошо алат», — дейт Белкейд.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!