Тез таасир берүүчү диеталар

9-Фев. 2018, Жума, 12:01

Аз убакытттын ичинде тез арыктатуучу диеталарды сунуштайбыз. Организмиңизге зыян келтирбей биз менен бирге тез арыктаңыз!

Эң пайдалуу диеталардын катарына бадыраң диетасы кирет

Анын натыйжасында бир нече күндүн ичинде 3төн 5 кг чейин арыктоого болот. Ашказанга зыян тийгизбей, ылдам арыктоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, тамак-аш сиңиртүүнү жакшыртып, ичеги-карынды тазалайт.

Диета учурунда күнүнө 2 кг бадыраң пайдалануу кажет. Бадыраңдан салат жасап, суусундук даярдап, шорпо жасап ичсе болот. Ал организмди токсиндерден арылтат. Бадыраңдын 95 пайызы суудан тургандыктан диетанын пайдасы мол.

Тез арыктоого жардам берген диета түрү

Майы аз пайыз болгон 1,5 литр жаңы кайнатылган сүткө 2 аш кашык кара чай кошуп, 45 мүнөт тундуруп коюу керек. Аралашма даяр болгондон кийин башка тамак ичпей, жалаң гана ошону ичкен оң. Ашказанды бир аз тазалап, салмакты ылдам таштай аласыз. Мындан соң 1,2 кг салмакты кандай таштаганыңызды байкабай каласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!