Арыктоого арналган күрүч

13-Фев. 2018, Шейшемби, 11:54

Дарыгерлердин айтуусу боюнча, күрүч ашыкча салмак менен күрөшүүгө жардам берчү тамактын түрү. Япон, корей, кытай элдеринде күндөлүктү жашоосунда бул тамакты көп жээшерин байкап эле жүрөбүз. Ошондуктан, аларда толук адамдар көп жолуктурбайбыз. Күрүчтү алар диеталык тамак-аштардын катарына киргизишет.

Бул жолу арыктоого арналган күрүч түрүн сунуштайбыз. Ал үчүн:

- 1 стакан күрүч;

- 0,5 стакан жүзүм;

- 1 алма;

- 10 кургатылган өрүк;

- 1 сабиз;

- 2 аш кашык эритилген сары май керек.

Даярдоо жолу:

1. Кургатылган өрүк, сабиз жана алманы майдалап туураңыз.

2. Майды идишке бир аз ысытып, үстүнө сабизди салып кууруңуз. Андан кийин алманы кошуп, 2-3 мүнөттүн кийин кургатылган жемиштерди салыңыз. Бардыгын кууруга 5 мүнөт жетиштүү.

3. Кастрюлга күрүчтү салып, жакшылап аралаштырып, тузун даамына жараша бир аз салыңыз.

4. Күрүчтүн үстүнө суу куюңуз (сууну өлчөмүн күрүчтөн бир аз жогору болуусу керек). Капкагын жаап, жай отко бышырыңыз. Аралаштырбай эле койсоңуз болот. Эскерте кетүүчү нерсе, эгер сууңуз түгөнүп калып, ал эми күрүчүңүз бышпай калган болсо, дагы бир аз суу куюп коюуга болот. Күрүчкө кант кошуунун кереги жок. Анткени курамындагы мөмө-жемиштер даамын чыгарып, таттуу жана жыпар жыт тартуулайт. Бул тамак түрүн балдарга да чоң адамдарга да жесе болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!