Имбирь диетасы

16-Фев. 2018, Жума, 11:42

Имбирь диетасы тамак рационун өзгөрткүсү келбеген адамдарга жакпоосу мүмкүн. Бул диета эмес, арыктоого жардам берген тамактануу системасы. Адамдын ашыкча салмак жыйноосуна зат алмашуу кызматынын жакшырышына себепчи болот. Тамак сиңирүү системасы жай болсо, арыктоо өтө кыйын.

Имбирь — зат алмашууну тездетүүчү табигый ыкмалардын бири. Анын үстүнө имбирь жүрөк кан тамырлар системасын, кан айлануу менен тамак-аш сиңирүүнү жакшыртат. Имбирь диетасын кармаган кыз-келинчектердин пикири боюнча, 2-3 жумадан кийин ашыкча салмактан арылганыңызды байкай аласыз.

Ашказан, өт оорулары бар адамдарга имбирь диетасын кармоого болбойт. Ошондой эле, кош бойлуу жана эмизген энелерге да кармоого тыюу салынган.

25 гр имбирь тамырын 1,5 литр кайнаган сууга салып, кайнатыңыз. 8-12 саат тундуруп, эртең менен бир стакан имбирь чайын ичип чыгыңыз. Күнү бою тамактануу арасында жана уктаар алдында ичүү керек.

Имбирь чайына бал, жалбыз менен лимон ширесин кошууга болот. Бул тезирээк арыктоого жардам берет. Имбирь диетасын кармаган кезде күнүмдүк калорий өлчөмүн 1500-1600га чейин чектеген оң. Нан-токоч азыктары, таттуулар, тез даярдалуучу тамактар, консерваланган азык, кургатылган чучук же эттен, куурулган, майлуу тамактардан баш тарткан жөн.

5 граммдан ашык туз пайдаланбаңыз. Мындай тамактануу тартиби арыктоо менен катар салмакты бир калыпта кармоого жардам берет. Тамак-аш рационуңузга жемиштер, мөмөлөр, эт, балык, дан буламыктары, нан жумуртка, майлуу эмес сүттүү тамактар, жаңгактар, козу карын менен бал кошуңуз.

Шоколад жеңиз келсе, курамында какао 60 пайыздан төмөн болбошу керек экенин эске алыңыз. Карыныңыз тойгончо жеш милдетүү эмес. Себеби тамак ашказанга заматта жетпейт. Көп жеп койсоңуз сиңирүү жайлайт жана кыйын болот. Күнүнө аз-аздан 5-6 ирет тамактаныңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!