Картошканын толуктукка эч кандай катышы жок

17-Март 2018, Ишемби, 14:46

Адатта адам арыктайм деп чечим кабыл алган кезде картошкадан баш тартат. Көпчүлүк адамдар картошка диетасынын таасири мол экенине макул боло беришпейт.

Ошого байланыштуу окумуштуулар картошканын канчалык пайдалуу же болбосо зыян экенин аныктоого аракет кылышты.

Картошканы арыктоо үчүн пайдаланууга болобу? Технология университетинин адистери төмөндөгүдөй кызыктуу тажрыйба жүргүздү. Биринчи топко төмөн калориялуу жана жогорку гликемиялык индекс көрсөткүчү бар адамдар кирди.

Ал эми экинчи топко төмөн гликемикалык индекси барлар түзүшсө, үчүнчү топту эч кандай диетаны карманбаган адамдардан турган. Алардын баардыгы жумасына 5-7 жолу картошкадан жасалган тамак жешкен.

Тажрыйбанын жыйынтыгы көрсөткөндөй алар картошканы жешсе да арыкташкан.

Тактап айтканда, арыктоо үчүн жеп жаткан калориянын санын чектөө керек.

Андай болсо картошкадан кандай тамак даярдоого болоорун карап көрсөк. Алардын ичинен калориясы төмөндөрүн табууга болот.

Мисалы:

- жер жемиш менен картошка кошулган шорпо;

- картошка кошулган пюре;

- өсүмдүк майы кошулган картошка салаты;

- сууга бышкан картошка;

Картошканын курамында макро жана микро элементтер, түрдүү витамин болгондуктан, ден соолукка өтө пайдалуу.

Алар - йод, калий, калций, магний, бал, фосфор, цинк, хром, селен, А, С, В, 1, 2, 5, 6, 9,

Е, РР.

Муну менен бирге бөйрөгү ооруган адамдарга пайдалуу.

Картошканын семирүүгө эч кандай катышы болбогондуктан, аны эмне нерсе менен бирге жегенибизди ойлонуу керек. Көп учурда майонез, сыр, май менен жейбиз. Аталган калориялуу кошулмалардан баш тартуу аркылуу аны ден соолугубузга эч зыяны жок тамакка айландыра алабыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!