ДКО: Кыргызстан курамасы биринчиде келе жатат

ДКО: Кыргызстан курамасы биринчиде келе жатат
5-Сен. 2018, Шаршемби, 14:43

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан курама командасы оюндун үчүнчү күнүндө биринчи орунга чыкты.

Айта кетсек, жалпысынан өлкө куржунунда 43 медаль болсо, анын 15и алтын. Ал эми экинчи орунга Орусия командасы 24 медалы 11 алтын, 5 күмүш, 8 коло менен чыкты. Ал эми Казакстан болсо үчүнчү орунга чыкты.

Учурда Казакстанда 32 медаль бар, анын тогузу алтын. Ал эми Түркмөнстан 18 медаль бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!