Түркмөн күрөшү боюнча мелдеш аяктады

Түркмөн күрөшү боюнча мелдеш аяктады
5-Сен. 2018, Шаршемби, 16:47

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында түркмөн күрөшү (гүреш) боюнча мелдеш аяктады.

Мелдешке 14 өлкөдөн 32 спортчу катышты. Маалым болгондой, 62 килограммга чейинки салмак ченинде 1-орунду түркмөнстандык балбан ээледи. Кийинки орунду казакстандык, 3-орундарды орусиялык жана казакстандык спортчулар багындырды.

Ал эми 82 килограммга чейинки салмак ченинде биринчиликке түркмөн балбаны ээ болду. Күмүш медалды кыргызстандык спортчу Руслан Таабалдиев тагынды. Коло медалдын ээлери болуп молдовиялык жана грузиялык балбандар аталышты.

Ошондой эле абсолюттук салмак катергориясында алтын медалды түркмөн балбаны илип кетти. Кийинки байгелүү орунду кыргызстандык Байышбек Тажыбай уулу алды. Коло медалды казакстандык жана өзбекстандык спортчулар тагынышты.

Айта кетсек, азыркы учурда медалдардын саны боюнча Кыргызстан алдыда келе жатат. Кийинки орундарда Орусия, Казакстан турат.

Эскерте кетсек, гүреш- түркмөндөрдүн улуттук күрөшү. Тарыхый булактарда түркмөндөрдүн ата-бабаларында күрөштүн ыкмаларын эркектер гана эмес, аялдар дагы билишкендиги айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!