Көк бөрү: жарым финалга чыккан командалар аныкталды

Көк бөрү: жарым финалга чыккан командалар аныкталды
6-Сен. 2018, Бейшемби, 10:41

3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште жарым финалга чыккан командалар аныкталды. Атап айтканда Өзбекстандын жана Казакстандын көк бөрү боюнча курама командалары өздөрүнүн топторунда биринчи орундарды алып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарым финалына чыгышты.

Жалпысынан медалдар үчүн 4 топко бөлүнгөн 12 команда күч сынашты. Жарым финалга өздөрүнүн топторунда биринчиликти алган командалар чыгышты.

5-сентябрда өткөн тайпа ичиндеги оюндар төмөнкүдөй жыйынтыкталды:

А тайпасындагы Кыргызстан буга чейин Монголияны 29:5 эсеби менен утуп алган. Бүгүн Алтай курамасы оюнга чыга албай калгандыктан, жеңиш кыргыз тарапка берилди;

Б тайпасында болсо Москва курамасы Афганистан командасын 7:2 эсеби менен утуп жарым финалга чыккан;

С тайпасында Казакстан командасы бүгүн АКШ курамасын 20:9, Красноярсктан келген көк бөрүчүлөрдү 15:3 эсебинде утуп алды;

Д тайпасында Өзбекстан курамасы Франциядан келген көк бөрүчүлөрдү 19:6 эсебинде жеңип, жарым финалга аттанды. Өзбекстан буга чейин Башкортостанды 19:1 менен утуп алган болчу.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Эйнштейндин нацисттик бийликке чейин
Эйнштейндин нацисттик бийликке чейин "тунгуюктуу мезгил келатат" деген каты...
“YouTube”да бекер фильмдер пайда болду
“YouTube”да бекер фильмдер пайда болду
Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?
Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?
20-ноябрь:айрым райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт
20-ноябрь:айрым райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт
​Мейвезерге Хабиб менен таймашууга 150 миллион доллар сунушталды
​Мейвезерге Хабиб менен таймашууга 150 миллион доллар сунушталды
Башкалардын өтүнүчүн аткаруудан кантип баш тартыш керек?
Башкалардын өтүнүчүн аткаруудан кантип баш тартыш керек?
Мэрия
Мэрия "Тез жардам" кызматына 6 унаа тапшырды
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду