Улуттук курама биринчи орунда келе жатат

Улуттук курама биринчи орунда келе жатат
6-Сен. 2018, Бейшемби, 13:39

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын 4-күнүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы биринчи орунда келе жатат.

Маалыматка таянсак, өлкө куржунунда жалпы 60 медаль бар. Алардын 26сы алтын болсо, 18и күмүш, 16сы коло медаль.

Ал эми экинчи орунга Орусиянын командасы 36 медалы (13 алтын, 8 күмүш, 15 коло) менен чыкты. Үчүнчү орундагы Казакстанда 32 медаль бар, анын 11и алтын, 15и күмүш, 18и коло.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!