ДКОнун жабылыш аземине билеттер сатылып жатат

ДКОнун жабылыш аземине билеттер сатылып жатат
7-Сен. 2018, Жума, 15:27

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине алыскы жана жакынкы чет мамлекеттен ырчылар келе турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Айта кетсек, Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине Германиянын Чыңгыз хан тобу, франциялык ырчы Мурад Бурауи, Эквадордон Лео Рохас, россиялык "Корни" тобу, Румыниядан "Аксент" тобу, өзбекстандык ырчы Озода Нурзаидова, Казакстандан Жанар Дугалова жана Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана башка кыргыз ырчылары катышат

Жабылыш аземинин билеттери Кыргыз почтасы ишканасынын Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы бөлүмдөрүндө сатылып жатат. Билеттин баасы 350 сомдон 3800 сомго чейин сатылып жатат.

Эскерте кетсек, Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун жабылыш аземи 8-сентябрда саат 20:00дө Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт. 2-сентябрда башталган оюнга 70 мамлекеттен 1918 спортчу келип, спорттун 37 түрү боюнча күч сынашты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!