ДКО: жорго салыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

ДКО: жорго салыштын жеңүүчүлөрү аныкталды
7-Сен. 2018, Жума, 17:29

Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жорго салыш боюнча мелдеш өттү.

Уюштуруучу Марат Аскарбековдун айтымына караганда, жарышка 7 өлкө катышкан. 11 миң аралыктагы жорго салыш боюнча бардык байгелүү орундарды кыргыз чабандестери алышкан.

Айта кетсек, биринчи орунду Мыктыбек Токтосунов "Вулкан" аттуу аргымагы менен ээлеп, жеңүүчүнүн кожоюнуна 350 миң сом берилди. Бул ат биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында үчүнчү орунду алган, экинчи көчмөндөр оюндарында да биринчи орунду алган.

Экинчи болуп "Асанбек-Ата" жылкы заводунун "Кабылан" аттуу аргымагы келип, ээсине 250 миң сом берилди.

Үчүнчү болуп "Гориславна" аттуу аргымак келип, ээси Турсунбек Адамалиевге 150 миң сом тапшырылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!