15 жаштагы кыз дезодорантка ууланып көз жумду

27-Апр. 2018, Жума, 17:32

Орусиянын Люберцы шаарында 15 жаштагы өспүрүм кыз дезодорантка ууланып көз жумду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Өспүрүмдүн жансыз денеси анын курбу кызынын үйүнөн табылган. Өспүрүм кыздын жанында пластикалык пакет жана дезодорант бар экени маалым болгон.

Айтылган маалыматтарга караганда, өспүрүм кыздар токсикоманиялык каражаттардын бири болгон дезодорантты жыттап жүрүшкөнү айтылууда. Маркум дезодорантты жыттап 2-3 жолу дем алгандан кийин, эс-учун жоготуп, өзүнө келе албай көз жумган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иши жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!