Эйфель мунарасын ок өтпөс кылып жасап чыгышат

29-Март 2017, Шаршемби

Париж шаарынын бийлиги Эйфель мунарасын ок өтпөс тосмо менен курчоого алуу туурасында чечим кабыл алды. Мындай жагдайды түзүүгө жөө жүргүнчүлөрдү унаалардын сүзүп кетүүсүнөн коргоо максатында жасалууда.

“Росбалт”тын “Figaro” газетасынын сайтына шилтеме кылып берген билдирүүсү боюнча айнек тосмолор мунаранын эки тарабына тең коюлат. Кирүү, чыгуу жана көзөмөлдөө пункттары темир тосмолор орнотулат.

Бул чечим "терроризм абдан жогорку коркунучунан” улам кабыл алынды деп белгилейт шаар бийлиги. Өткөн аптада Лондондо таанымал туристтик жерлеринин биринде, чабуулчу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.

Долбоор 2018-жылдын орто четинде бүткөрүлүп, 20 млн еврого бааланууда.

Жыл сайын Эйфель мунарасын көрүү үчүн жети миллионго жакын туристтер келет. Бул мунара дүйнөдөгү эң көп төлөнүчү эстелик болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!