ДНК анализден жубайлар эгиз экенин билишти

18-Апр. 2017, Шейшемби

АКШнын Миссисипи штатында өзгөчө окуя болуп өттү. Дарыгерлер кош бойлуулук туурасында ДНК тесттине кан тапшырган аялы менен күйөөсү эгиз экендигин аныкташты. Бул тууралуу “Daily Mirror” кабарлады.

Дарыгерлер жубайларга катыштуу маалыматтарды жарыялоодон баш тартып отурушат. Белгилүүсү ага карындаш наристе кездеринде ата-энеси жол кырсыгына учурап каза болушкан. Кийин аларды эки бөлөк үй-бүлө багып алышкан. Ал эми балдар эгизи бар экендигинен кабарсыз болушкан. Чоңойгондон кийин колледжде окуп жүргөндө таанышышып, бири-бирине ашык болушат. Кийин экөө үйлөнүшүп, бир үй-бүлө болуп жашап жатышкан. ДНК тесттин жасаган дарыгерлер мындай окуя менен алгач ирээт кездешип жаткандыктарын айтышууда.

Миссисипи штатында тууган-туушкандардын үйлөнүүсү жазаланат. Ал эми ага-карындаштын никелешкени үчүн жубайлар 10 жылга чейин боштондуктан айрылуусу мүмкүн. Бирок бул абалды түшүнгөн укук коргоо органдары аларга күнөө тагышкан жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!