Жерге кооптуу астероид жакындап келе жатат

18-Апр. 2017, Шейшемби

20-апрелге караган түнү "Скала" “2014 JO25” деп аталган кооптуу астероид Жердин жанынан учуп өтөт.

Ал акыркы 400 жыл ичинде биринчи жолу мындай ири объект планетага рекорддук түрдө жакындайт. Бул тууралуу “Правда.ру” сайты “Slooh” онлайн-обсерваториясына шилтеме берип кабарлайт.

Асмандан телосу 2014-жылы АКШнын Маунт-Леммон обсерваториясында автоматташтырылган телескоптун жардамы менен ачылган. Ар кандай маалыматтар боюнча, анын диаметри 640 метрден 1,5 чакырымга чейин болушу мүмкүн. Ал Ай жана Жер (1.77 млн км) ортосундагы 4,6 алыс аралыкта учуп өтөт.

Жерге жакындаган маалда бул астероидди жаркырап тургандыгына байланыштуу каалаган телескоптун жардамы менен көрүүгө болот.

Бул астероид Жерге кооптуу абалды жараткан объектердин катарына кирет. Мындай асман телолору Жердин орбитасын 0,05 астрономиялык бирдик алыс аралыкта (Ай менен Жердин арасындагы болжол менен 19,5 аралыкта) өтүүгө тийиш, алардын диаметри - 100-150 метр жогору.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!