Трамп дубал тууралуу мыйзамга кол койду

28-01-2017

АКШнын президенти чек арага тургузула турган дубалдын каражатын Мексика төлөрүн айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика чек арасына дубал курууну туура көргөн мыйзамга кол койду. Ички коопсуздук министрлигинде өткөн жыйында АКШнын түштүк чек арасы кризистик абалда экенин айтты. “Чек арасы жок улут улут эмес”,-деген президент “Бүгүнтөн баштап Америка чек араларынын көзөмөлүн кайрадан колго алат”,-деди.

Мексика акча төлөбөйт

Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето Трамп чек арага дубал тургузуу боюнча мыйзамга кол коеру менен видео түрүндө билдирүү жарыялады. Анда ал Мексика тоскоолдуктарга жана дубалдарга ишенбей жаткандыгын белгилеп, чечимди сынга алды.

"Мексика эч бир дубал үчүн акча төлөбөй тургандыгын көп ирет кайталадым",-деген Ньето өлкө башчысы катары өз элинин кызыкчылыктарын коргой тургандыгын кошумчалады.

Мээрим Искакова

АКШ, президент Дональд Трамп, Мексика, Энрике Пенья Ньето, чек ара, дубал

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!