Моңголия алгачкы жолу спутник учурат

21-Апр. 2017, Жума

Моңголия шаршемби күнү алгачкы жолу космоско спутник учураары маалым болду. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги кабарлайт.

«Ушундан он жыл мурун негизги болгон долбоорлорду аягына чейин жеткирдик. Бул-келечекке карай жасалган тарыхый кадам. Биз Моңголиянын өзүнүн тунгуч спутнигин космоско учуруп жаткандыгына мактанып турган чагыбыз», – деп билдирди Моңголиянын Улуу мемлекеттик куралынын төрагасы Миеэгомбын Энхболд.

Моңголия парламентинин сайтында спутникке “Mongol Sat-1” деген аталыш берилгендигин жана элди теле программалар, телекоммуникация менен кеңири кабар таратууга мүмкүндүк болоору айтылган. Бул долбоор “Аsia Broadcast Satellite” (ABS) оператору менен биргеликте жүзөгө ашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!