Жаңы жылдыз төрт башка жерде байкалды

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Эл аралык окумуштуулар тобу бир эле жылдыздын төрт башка жерде жарылгандыгын байкашкан. Бул изилдөөдө “Astrophysical Journal Letters жана Science” журналдарына басылып чыгып,ал туурасында АКШнын Брекли аймагындагы Улуттук Лоуренс атындагы лабораториясы кыскача маалымат тараткан.

iPTF16geu” (SN 2016geu) жарыгы Жерден төрт миллиард жарык жыл алыс аралыкта жайгашкан. Ал ак кенедей жарыктыктардын жарылуусунан улам пайда болуп, жаңы жарык категориясына “Ia” кирет. “iPTF16geu” 2016-жылдын 5-сентябрында байкалган.

Жылдыз тартылуу линзанын таасиринен улам асмандын төрт түрдүү бөлүгүндө катталган. Жылдыз жана байкоочу ортосунда массалык объект болгон болсо мисалы, чоң галактика, нурлардын жолу өзгөрүлүп, жылдыздын көрүнүшү таралат. Мындан улам байкоочу бир убакта жыдызды бир нече жерден көрө алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!