4 жашар кыз автобустан кулап түштү

25-Апр. 2017, Шейшемби

“Американын Арканзас штатында төрт жашар кыз жүрүп бара жаткан автобустан кулап түштү. Коомдук транспорттук унаанын артынан келе жеткан унаа жүргүнчүсү баланы куткарып калганга жетишкен”,- деп билдирди WBRC. телеканалы.


Кызды куткарган жүргүзүчүнүн айтуусунча, автобустун арткы эшиги капыстан ачылып кеткен. Ошол маалда эшикке сөйкөнүп турган кыз жыгылып кеткен. Арттагы келе жаткан унаанын айдоочусу дароо түшүп жардамга барган учурда 4 жашаар кыз эсинен танып калган.

«Эсин жыйгандан кийин ыйлап энесин издей баштады. Баланы көрүп жүрөгүм ооруп кетти», - дейт куткаруучу.

Тез жардам чакырып ал бала менен ооруканага бирге барган.

Белгилүү болгондой, катуу кулагандын айынан кыздын жаагы сынып кеткен. Азыр ага операция жасалганы турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!