Дүйнөдөгү эң бай адамдар

21-02-2017

Америкалык “Forbes” жыл сайын (бул жылы 30-жолу) байлардын кирешелерин санап, тизмектеген келет. Анын тизмегине 1810 киши кирип, былтыркы жылга салыштырмалуу 16 адамга кем болуп чыкты. Алардын байлыгы 6,48 трлн доллар болуп, өткөн жылдан 570 млрд. долларга аз болгон.

1. Билл Гейтс

Жалпы байлыгы: $75 млрд
Каржы булагы: Microsoft
жашы: 60
Мекени: АКШ

Билл Гейтс кайрадан акыркы 22 жыл аралыгында 17 жолу дүйнөлүк тизмектин “Forbes” бийиктигинде. Канча жылдан бери ал “Microsoft” негиздөөчүлөрүнүн бири катары эмес, эң берешен меценат катары да белгилүү. Билл жана Мелинда Гейтс фонду кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. Фонд көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдөгү медициналык тармакка байланыштуу вакцинация иштери боюнча жардам көрсөтөт. Гейтс меценаттык долбоорлору үчүн 31,5 млрд доллар жумшаган.
2015-жылы Гейтс “Impossible Foods” стартапты инвестициялаган, анда этти алмаштыруучу өсүмдүк азыктарын өнүктүрүү иштери жүргүзүлөт.

2. Амансио Ортега

Жалпы байлыгы: $67 млрд
Бир жылдагы өзгөрүүлөр: +$2,5 млрд
Каржы булагы: Zara
Жашы: 79
Мекени: Испания

Амансио Ортега – Европадагы эң бай адам жана дүйнөдөгү ритейлер (чекене соода). Ал испаниялык темир жол жумушчусунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1975-жылы “Zara” фирмасын негиздеген. Ал убакта белгилүү брендди түзгөн ишкер биринчи аялы Розалией Мерой (2013-жылы каза болгон) менен бирге жеке мейманканасында ич кийим, халат тигүү менен башташкан. 1980-жылдардын ортосунда “ Zara” бүтүндөй Испанияны ээлеп, чет өлкөлөргө экспорттоло баштаган. 1989-жылы Ортега АКШда алгачкы дүкөнүн ачкан. Азыркы маалда 4,500 кийим дүкөнү 73 өлкөдө иштетилип келет.
“Zara”нын негиздөөчүсү миллиарддаган долларларды инвестиция аркылуу тапкан. Бизнес портфелин активдештирүү үчүн диверсификациялоого 8 млрд салган. Анда Мадрид, Барселона, Лондон, Чикаго, Майами жана Нью-Йорк шаарларында турак жайлар үчүн каржылаган.

3. Уоррен Баффет

Жалпы байлыгы: $60,8 млрд
Каржы булагы: Berkshire Hathaway
Жашы: 85
Мекени: АКШ

2015-жылы анын “Berkshire Hathaway” инвестициялык империясы тарыхта жогорку деңгээлдеги “Precision Castparts” металлургиясын сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Баффет аны 37 млрд долларга сатып алган. Андан сырткары “Phillips” нефти компаниясынын акцияларын сатып алып, “3G Capital” менен биргеликте иш алып барат. Андан сырткары “Kraft Foods”, “Heinz”, “Burger King” жана кофе сеттери, “Tim Hortons”, “Berkshire Hathaway” иштешип келет. “Wells Fargo”, “IBM” жана “Coca-Cola”ны инвестициялап келет.
Мындан сырткары саясатта да Баффет Клинтондун кандидатурасын колдойт жана шайлоо үгүт иштеринде спонсорлук колдоо көрсөткөн.

4. Карлос Слим Элу


Жалпы байлыгы; $53.5 миллиард
Тармагы; Телекоммуникация.
Мекени; Мексика

Бул телекоммуникация тармагынын магнаты 1990-жылы Мексикадагы Улуттук байланыш компаниясын менчиктештирип алган соң, дүйнөдөгү эң бай адам катары саналган. Карлос Слим Элуге “Telefones de Mexico”, “Altria Group” (мурунку Philip Morris), “Telcel” жана “America Movil” телекоммуникация компаниялары тийиштүү.

5. Джефф Безос
Жалпы байлыгы: $45,2 млрд

Тармагы: Amazon.com

Жашы: 52

Мекени: АКШ

Джефф Безос бир убакта үч компанияны башкарып келет. 2015-жылдын ноябрь айында анын Blue Origin аэрокосмостук компаниясы BE-3 тик учактарын ийгиликтүү конууларын ишке ашырган. “Amazon” 2015-жылы 107 млрд киреше тапкан. Бирок 2016-жылы компания базарда кирешесинин бир бөлүгүнөн айрылган. Буга көбүнчө “The New York Times”ка чыккан статья себепкер болгон, анда “Amazon” жумушчуларды кулдай иштетери, кызматкерлерди башчылар басынтат деген маалымат тараган. Бирок бул маалыматка Безос “мындай шартка макул болуп иштеп жаткандар жиндилер” деп жооп кайтарган.

6. Марк Цукербер


Жалпы байлыгы: $44,6 млрд
Каржы булагы: Facebook
Жашы: 31
Мекени:АКШ

2015-жыл Цукерберг үчүн ийгиликтүү жыл болгон. “Facebook” баасы жогорулашы ага 11,2 млрд доллар киреше алып келген. Мындан сырткары Цукерберг биринчи жолу ата болгон. Буга байланыштуу бизнесмен жана анын аялы Присцилла Чан маалымат бергендей алардын 99 пайыз соцтармактагы акциясын кайрымдуулук иштерине жумшаары белгилүү болгон.

“Facebook” кирешеси өсүүдө, Цукерберг виртуалдык Oculus Rift шлемдерине ставка койгон. Иштелип чыга элек шлемдерди чыгарган “Oculus VR” компаниясына “Facebook” кожоюну 2 млрд доллар салган. Ал эми “WhatsApp” мессенджер, 2014-жылы 19 млрд рекорддук суммага сатылып алынса, февраль айында гана 1 млрд колдонуучу катталган.

7. Ларри Эллисон


Жалпы байлыгы: $43,6 млрд
Каржы булагы: Oracle
Жашы: 71
Мекени:АКШ

Ишканаларды программа жана аппарат жабдыктары менен камсыз кылган, “Oracle” өндүрүш корпорациясынын негиздөөчүсү Лоуренс Эллисон аталат. Кремний өрөөнүнүн чыныгы рок-жылдызы Чикагодо чоң энесинин колунда чоңойгон. Софт программасын ойлоп тапкан Эллисон ЦРУ тармагында да иштеген. 1977-жылы “Oracle” компаниясын түптөгөн.

8. Майкл Блумберг


Жалпы байлыгы: $40 млрд
Каржы булагы: Bloomberg LP
Жашы: 74
Мекени:АКШ


2013-жылдын аягында Нью-Йорк шаарына мэрлик кызматынан кеткен. 2015-жылы бизнеске кайтып келген. Өз ысымы ыйгарылган Bloomberg LP компаниясына генералдык директор кызматка келгенден тартып кызматкерлерди кыскартуудан баштаган. Калган журналисттер финансы жана бизнес тармактарында маалымат топтоп иш алып барышат.
Блумберг АКШдагы эң эле берешен филантроп катары да белгилүү. Кайрымдуулук иштери үчүн ал 3,8 млрд, 100 млн Билл жана Мелинда Гейтс фондуна короткон. Миллиардер мындан сырткары ООНдун климаттык жана шаарлардагы өзгөрүүлөр боюнча атайы статус ыйгарылган элчи.

9. Чарльз Кох


Жалпы байлыгы: $39,6 млрд
Каржы булагы: Koch Industries
Жашы: 80
Мекени: АКШ

Ага-ини Чарльз жана Дэвид Кохи америкалык бизнес тармагында белсемдүү ишкерлер, саясатчы жана кайрымдуулук иштерин жүргүзгөндөрдүн катарын толукташат. Кохтор үй-бүлөлүк холдинг болгон “Koch Industries” 115 млрд доллар киреше алып келет. Көп тармактуу холдинг курулуш иштериндеги түтүкчөлөрдү куруу, курулуш шаймандарын, нефть иштеп чыгаруу, кагаз сүлгүлөрүн, стакандарын жана башка товар өндүрүү менен алектенишет.
Кайрымдуулук долбоорлорунун ичинен - билим берүү системасына кошкон салымы болуп саналат. 2014-жылдын орто ченинде алар 25 млн долларлык грандды афроамерикалык студенттер үчүн бөлүшкөн.

10.Дэвид Кох


Жалпы байлыгы: $39,6 млрд
Каржы булагы: Koch Industries
Жашы: 75
Мекени: АКШ

Дэвид Кох агасы Чарльз менен “Koch Industries” холдингинен сырткары “Cargill” АКШдагы жеке менчик, 100 млрд долларлык компаниянын ээси. Дэвид Кох 900 млн доллар билим берүү тармагын колдоо иретинде жана Республика партиясын жана АКШдагы үгүттөө иштериндеги реформалар үчүн жумшаган.
Ага-ини Кохтор активдүү кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келишет. Дефид Кох фонду түзүлгөн күндөн тартып түрдүү максаттарга 1,2 млрд доллар каржылаган. Нью-Йорктогу “Метрополитен” музейинин, оңдоо иштерине 65 млн доллар жумшаган. 2014-жылдын сентябрь айында аянтка өз ысымын ыйгарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!