Арменияда кыргызстандык кыз өмүрүнө кол салды

5-Янв. 2018, Жума, 12:11

Арменияда кыргыз жараны өз өмүрүнө кол салууга аракет кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 3-январь күнү Ереван шаарынын Норк-Мараш районунунда болгон. Анда 29 жаштагы Наргиз Умарова өз жанына кол салуу максатында өзү жашап жаткан үйдүн 2-кабаттан секирип кеткен. Бактыга жараша ал кырсыктан аман калып, «Тез жардам» аркылуу жакынкы ооруканага жеткирилген. Ал омурткасы жана бутунан жаракат алып, ооруканада дарыланууда.

Билдирүүдө айтылгандай, котормочу жок болгондуктан полиция кызматкерлери аны менен сүйлөшө алышкан эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!