​Казакстан мунай өндүрүүдө Иракты артка таштады

12-Янв. 2018, Жума, 12:17

“Bloomberg” агентиги билдиргенине ылайык кара алтын өндүрүүнү Казакстан өтө тездик менен жогорулатууда. Коңшу өлкө мунай өндүрүүдө көптөн бери ири мунай өндүрүүчү болуп келген Иракты басып өттү.

Казакстан ноябрь-декабрь айында күнүнө 130 миң баррель мунай өндүрүүгө жетишкен. Ал эми декабрь айында Ирак 70 миң баррель гана өнүдүргөн.

Казакстандын Экономика министри Тимур Сулейменовдун билдиргенине караганда 2017-жылы казак өлкөсүндө нефти өндүрүүнүн көлөмү 10,5 пайыга өсүп 86,2 млн тонна өндүрүүгө жетишти. Ал эми үстүбүздөгү жылы 87 млн. тонна өндүрүүгө жетүүнү максат кылып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!