АКШда аллигаторлор музда тоңуп калды

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 10:01

Европалыктар 2018-жылдын январь айынын башында гана карды көрүп жатышса, америкалыктар мурда-кийин болуп көрбөгөн катуу сууктун кесепетин сезишүүдө. Калың жааган кар транспорт каттамын бууп, ондогон адамдардын өмүрүн алды жана АКШнын экономикасына олуттуу зыян келтирди. Бирок табигый кырсыктардан адамдар гана эмес жаныбарлар да зыян чегүүдө. Күнөстүү Флоридада дарактарда массалык түрдө жапайы игуаналар сууктан улам кулап түшүшүүдө. Эгер мындай аба ырайы улана берсе жаныбарлар кырылып калуусу мүмкүн. Ал эми Түндүк Каролина Улуттук паркында аллигаторлор музга тоңуп калган. Коруктун кызматкерлери бул сейрек кездешкен жана уникалдуу көрүнүштү видеого тартып алышкан.

Бул кадр Голливуддун коркунучтуу тасмаларына окшоп кетет, бирок бул чындык.

Буга ишенүү кыйын болсо да, бирок крокодилге окшош сойлоп жүрүчүлөр катуу суукта да жашай алышат. Адистердин айтуусу боюнча, жаныбарлардын баары жакшы.

Бардык жырткыч жаныбарлар сыяктуу эле аллигаторлор да брумацияга тагыраак айтканда уйкуга батышат. Алар дене температурасын төмөндөтүп, зат алмашуусун жайлатышат. Жаныбарлар дем алуу үчүн мурундарын суунун үстүнө чыгарып алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!