Адам сыяктуу сүйлөгөн кит

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:40

Антиб провинциясында адам сыяктуу сүйлөгөн киттин алгачкы түрү пайда болду. Бул тууралуу “Корреспондент.net” сайты билдирди.

Окумуштуулар ага саламдашууну, үчкө чейин саноону, добуш чыгарууну үйрөтүшкөн. “Proceedings of the Royal Society B” журналында жарыяланган изилдөө боюнча, Вики ысымдуу 14 жаштагы ургачы кит Франциядагы “Marineland” аквариумунда жашайт.

Изилдөөчүлөр Викини дүйнөгө келгенден баштап киттердин кулк-мүнөзүн тануусуна арналган түрдүү экперименттерди жасатышкан. Эң башта Вики кайталоону, андан кийин англис тилинде (hello, bye-bye, one, two сөздөрүн) сүйлөгөндү үйрөнгөн.

Вики жаңы сөздү 17 ирет кайталагандан кийин жатап калат.

Эскерте кетсек, киттер уккан добуштарын ошол калпында жеткире алган жаныбарлардын бири болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!