​Түштүк Кореяда Паралимпиада ачылды

10-Март 2018, Ишемби, 12:24

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XIIкышкы Паралимпиада салтанаттуу ачылды. Көркөм, кооз, музыкалык – тарыхый салтанаттын ачылыш аземи “Олимпик” стадионунда болуп өттү. Р-Спорт басылмасынын маалыматына караганда XII кышкы Паралимпиада 9-марттан 18-мартка чейин уланат. Жалпысынан 80 жуп медалга 567 спортчулар, 48 улуттук паралимпиадакомитеттеринин атынан катышат.

2018- Паралимпиада оюндарынын урааны “Бизди дилгирлик алдыга тартат”! Уюштуруучулардын пикири боюнча адамдардын туюму бирдиктүү дүйнө жаратат. Анда эч кимдин белгилерине карабай баардыгы батышып, ынтымактуу жашай алышат.

XII кышкы Паралимпиада оюндарына Орусиянын спортчулары “нейтралдык паралимиада атлеттери” деген макам менен катышууга уруксат берилди. Мелдештерге орусиялык 30 спортчу катышууда.

Ал эми кышкы Паралимпиада оюндарынын отун Түштүк жана Түндүк Кореядан эки өкүлү жакты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!