Интернет колдонуучулар 5 миллиондон ашты

18-Апр. 2017, Шейшемби

Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны 5 миллиондон ашты. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда өлкөдө интернет пайдалануучулардын саны 10,2 пайызга өскөн. Тактап айтканда, 2017-жылдын башындагы маалымат боюнча 5 млн. 240 миң 750 жаран интернет колдонот. Ал эми 2015-жылы интернет колдонуучулардын саны 4 млн. 754 миң 601 адам болгон.

Учурда республиканын баардык аймактарына интернет жеткирүү үчүн иштер жүргүзүлүп жатат. Өткөн жылы мамлекеттик 68 кызматка интернет байланыш зымдары тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!