YouTube кеңсесине окту белгилүү видеоблогер аткан

4-Апр. 2018, Шаршемби, 18:22

Калифорния штатындагы Сан-Бруно шаарындагы “YouTube” компаниясынын кеңсесиндеги чуунун артында белгилүү видеоблогер болгон.

Атасынын айтымында, анын кызы компанияны жек көрчү. Анын видеолорун көргөндөрдүн санын азайтканын айтып, ишкананын жетекчилигине нааразы болуп жүргөн.

“YouTube” компаниясынын штаб-квартирасында атышуудан үч адам жаракат алган. Ок чыгарган аялдын өлүп калганы белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!