Ахалтекин жылкылары тандалат

20-Апр. 2018, Жума, 11:58

Жыл сайын апрель айынын аягында Түркмөнстанда Ахалтекин жылкыларын даңазалоочу иш-чараларды өткөрүү салтка айланган.

Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жарлыгына ылайык бул жылы 28-апрелде Ашхабад шаарында ахалтекин жылкыларынын арасында эл аралык келбеттүү аргымактар конкурсу болот.


Салтка айлангандай бул иш-чаранын алкагында сүрөтчүлөр, скульпторлор, килемчилер, зергерлер, фотографтар, дизайнерлер, телеоператорлор арасында да жарыш өтөт. Алар да өз эмгектеринде жылкылардын көркөмүн чагылдырышы керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!