Кастро доору аяктады: жаңы президент ант берди

20-Апр. 2018, Жума, 13:38

Куба Раул Кастро пенсияга чыккандан кийин ордуна шайланган Мигел Диаз-Канел ант берди.

Кубада Кастро доору расмий түрдө аяктады. Президет болуп шайланган Мигел Диаз-Канел парламентте ант берип, ишин баштады.

12-мартта алгачкы жыйынтыктарды ачыкка чыгарган Куба Улуттук шайлоо комиссиясы тарабынан жарыяланган жыйынтыктарга караганда пенсияга чыккан Кастронун ордуна добуштардын 94.43 пайызын алган вице-президент Мигел Диаз-Канел шайланды.

Элдин 85.65 пайызы катышкан добуш берүүдө 605 депутат парламентке кирүүгө укук алды.

1959-жылы башталган доордун артынан алгач ирет Кастро үй-бүлөсүнөн бир мүчө өлкөнүн бийлигине кызматка келген жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!