Жарым тонналык бомба табылды

20-Апр. 2018, Жума, 14:57

Германиянын борбору Берлинде поезд станциясына жакын жерден II Дүйнөлүк согуштан калган жарым тонналык бомба табылды. Андан улам бүгүн, 20-апрелде эвакуация иштери жүргүзүлүүдө.

Эртең мененден баштап имараттар бошотулду. Шаардын борборундагы аймакта министрликтин имараттары, элчиликтер, ооруканалар, музейлер жайгашкан.

1939-1945-жылдар аралыгында согушта жарылбай калган миңдеген бомба жыл сайын табылат. Аталган өлкөдө акыркы жолу бул айдын башында Берлиндеги борбордук поезд станциясынын жакындарында 100 киллограммдык бомба табылган.

Өлкө эли мындай кеңири эвакуациягы көнүп калышкан. Франкфуртта өткөн жылы сентябрь айында 1,5 миң тонналык бомбадан 65 миң тургун үйүнөн кетүүгө аргасыз болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!