2017-жылы дүйнөдө 993 өлүм жазасы катталган

24-Апр. 2018, Шейшемби, 10:37

“Amnesty International” уюмунун дарегине таянсак, былтыр дүйнө боюнча 993 адам өлүм жазасына кесилген. 2016-жылы бул көрсөткүч 4 пайызга төмөн болгон.

Өлүм жазасы дүйнөнүн 23 өлкөсүндө тиркелди. Көрсөткүчтүн 84 пайызы төрт өлкөгө таандык. Алар: Иран, Сауд Арабиясы, Ирак жана Пакистан. Ал эми 21,9 миң адам өлүм жазасынын орундалышын күтүп жатат.

“Amnesty International”дын берген маалыматына таянсак, Беларусия бийлиги өлүм жазасынан баш тартуу же жазаны жеңилдетүү чараларын ойлонбогон сыяктуу. 2018-жыл башталгандан тартып өлкөдө эки адам өлүм жазасына кесилип, төрт адам чечимдин чыгышын күтүп жатат. «Беларусия Европа менен Орто Азияда өлүм жазасына кесүү чарасы уланып келе жаткан акыркы мамлекет», - деп билдирет уюмдун маалыматында.

2017-жылы Гвинея менен Монголия баардык кылмыш үчүн өлүм жазасын алып таштаган. Бул жолду Кения да улантууда. Буркина-Фасо менен Чадда да өлүм жазасынан баш тартуу тууралуу мыйзам кабыл алынды.

Кээ бир мамлекеттер баңгизат менен байланышкан кылмыштардын бирине өлүм жазасын колдонот. Алар Кытай, Иран, Сауд Арабиясы жана Сингапур. Малайзия менен Вьетнамдагы өлүм жазаларын аткаруу чаралары сыр бойдон жургүзүлгөндүктөн баңгизатка байланышкан жазаны аныктоо мүмкүн болгон эмес.

2017-жылы Сингапурда баңгизат менен кармалган сегиз адамды дарга асышкан. Сауд Арабиясында да дал ушундай көрсөткүч байкалган.

Иранда 18 жашка толо элек беш адам өлүм жазасына кесилсе, 80 адам чечимдин чыгышын күтүп жатат.

“Amnesty International” уюму аныктагандай, адамдар өз күнөөлөрүн кыйноо, ур-токмок аркылуу моюндагандан кийин аларга өлүм жазасы өкүм кылынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!