Орусия жана АКШ мамилелери жанданабы?

Орусия жана АКШ мамилелери жанданабы?
17-Июль 2018, Шейшемби, 15:44

Финландиянын борбору Хельсинкиде Трамп менен Путиндин жолугушуусу болду. Бул боюнча орус басма сөзү: “Эки өлкөнүн мамилелери чыңалууда”,- деп болжолдоодо. Муну менен катар эки тараптын диалогуна жогору баа берүү менен бирге, ошол эле учурда бул алака көпкө узабай тургандыгын айта кетишти.

Алаканын андан ары улануунун кепилдиги жок

Орусиянын “Ведомости” гезитинин маалыматы боюнча: эки тараптын сүйлөшүүсү төрт саатка созулган. Жогорку деңгээлде өткөн диалогтун жыйынтыктары жемиштүү болсо да, бул тема боюнча андан ары улануусуна кепилдик жок, деп болжолдошууда.

“Коммерсант” гезитинде болсо “Тынчтык түшүнбөстүктөрү” аттуу темада орун алган аналитикалык маалыматта: Путин менен Трамп бул жолугушуудан кийин орток бир билдирүү беришти. Орусиянын берген маалыматтык жыйынтыгында Сирия тууралуу АКШ койгон талаптардан башка өздөрүнүн да шарттары болгондугун айтып өттү.

Эч ким маанилүү кадамдарды байкабай жатат

АКШнын Иран жана Кытай боюнча Орусияны кошо өзүнө тартып жатат деп билдирген “Независимая” гезити Трамп “соода боюнча согуштук тармакта” Путинди жанында көргүсү келип жатат",-деп белгилеп кетишти.

“Известия” гезитинин кабарчысы Эдуард Лозанский: “эч ким бул тема боюнча кайсы бир чечкиндүү кадамдарды байкабаган чакта да, бул эң жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп калат”,-деди. Ошондой эле ал бул жолугушууда көрүнүктүү темалар да орун алгандыгын белгилеп өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!