​Жылан каптаган китепкана жабылды

8-Авг. 2018, Шаршемби, 11:02

АКШнын борбору Вашингтон шаарында жайгашкан Жоржтаун китепканасын жыландар каптады. Кайдан чыканы белгисиз болуп жаткан жыландардын айынан китепкана карантинге алынды.

Американын маалымат каражаттары окуя 4-августа болгонун жазды. Анда китепкана кызматкерлеринин бири имараттын алдынан жылан көргөн. Аны кармап токойго кое бергени менен көп өтпөй башка кызматкерлери имаратын ичинде көп жылан жүргөнүн байкашкан.

Сойлоп жүрүүчүлөрдү жок кылуу максатында бул тармакта адистешкен ишкана менен макулдашылган. Алар сыртка чыга турган жерлердин барын жаап, эки күнгө карантинге алынган имаратка дары чачышкан.

Ишкананын кызматкерлери кечээ, 8-августа китепкананы ачканда дарыдан бир жылан өлгөнү белгилүү болду. Калгандары кайда кеткени белгисиз бойдон калды. Жетекчилик буга чейин мындай окуяга туш келбегенин айтышкан.

Жергиликтүү жетекчилер акыркы апталарда көп күнгө созулган жамгырдан улам жыландар аймактагы үйлөргө жана кеңселерге киргенин болжолдошкон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!