Макронго күтүүсүз кабар: түз эфирде отставка

Макронго күтүүсүз кабар: түз эфирде отставка
28-Авг. 2018, Шейшемби, 17:57

Франциянын Экология министри Николас Хулот күтүүсүз түрдө түз эфирде кызматынан кетээрин айтты.

Мурдагы теле алып баруучу, айлана чөйрө боюнча активист Николас Хулот өзүнүн мындай чечими тууралуу “France Inter” радиосуна сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Айлана чөйрө жана экология темасындагы көйгөйлөр тууралуу айткым келген жок. Андан улам кызматыман чегинип жатам”,-деген чечимин айтты.

Бул кызматтан кетүү Макрон бийлигине чоң сокку болгону, радиого чейин Макрондун бул чечимден кабары жок экени кеп болууда.

Кызматтан кетүүгө байланыштуу Франция өкмөтү билдирүү жасай элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!