Айда суу табылды

Айда суу табылды
29-Авг. 2018, Шаршемби, 10:50

АКШдагы Гаваи жана Броун университетинин аалымы Шуаи Линин жетекчилигиндеги окумуштуулардын тобу Айдын уюлунда муз түрүндө суу массалары табылгандыгын билдирди. Муз Айдын бетинде жеткиликтүү жерде экени белгиленди.

Алар NASAнын Айды минерологиялык картага түшүрүү (M3) куралы жана Индиянын Космосту изилдөө уюмунун (ISRO) “Chandrayaan-1” аталышындагы Айдын орбитасын изилдөөчү түзүмүнөн алынган маалыматтарды пайдаланган. Топтун жаңы табылгасы Айда суу эле эмес, ошол эле мезгилде бул суу оңой жерде экенин көрсөтүп турганында.

Адамзат эгерде Айга жайгашкысы келсе келечекте Жердин жандоочундагы булактарды үйрөнүүгө аргасыз. Бул үчүн суу башкы орунда. Ичүү, жуунуу жана өсүмдүктөрдү өстүрүү сыяктуу негизги муктаждыктар менен бирге эле дем алууга керектүү кычкылтекти берет.

Узактан бери айтылып келген

Айда суунун болушу мүмкүн экени 100 жылдан бери болжолдонуп келген. Бирок бүгүнкүгө чейин далил табылган эмес. Илимпоздор суу болсо да миңдеген чакырым тереңде экенин белгилеп келишкен. Эми M3 маалыматтарына ылайык түндүк жана түштүк уюлдарында муз массалары табылганы белгилүү болду.

NASAнын маалыматына караганда муздар караңгы кратерлерде жайгашкан. Бул аймактарга күн күчтүү тийбейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!