15 генерал кызматтан алынды

15 генерал кызматтан алынды
29-Авг. 2018, Шаршемби, 11:08

Россиянын президенти Владимир Путин түрдүү министрликтерде жана мекемелерде эмгектенген 15 генералды кызматтан алды.

Путин кол койгон жарлык мамлекеттик Юридикалык маалымат системасынын Интернет баракчасына жарыяланган. Анда өлкөнүн ар башка аймактарында Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Федералык жаза өтөө кызматы жана Тергөө комитетинде башкы кызматтарды аркалаган генерал даражасындагы 15 адам кызматынан алынганы жазылган.

Алардын иштен кетүү себептери азырынча айтыла элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!