Кытай Афганистанга аскердик база курууда

Кытай Афганистанга аскердик база курууда
29-Авг. 2018, Шаршемби, 13:20

"South China Morning Post” гезитиндеги кабарда Кытай армиясына жакын булактардын маалыматына таянып Пекин бийлиги террорчулук менен күрөштүн алкагында Афганистандын Бадахшан аймагында жайгашкан Вакхан коридоруна аскердик лагерь кура баштаганын жазган.

Афганистанда курула баштаган лагердин Кытайдын өлкө сыртындагы алгачкы аскердик Жибути базасынан өлкөнүн батышындагы Синьцзян уйгур автономиялык аймагына жакын жайгашканы менен айырмаланат. Ал жакта Кытай куткаруу армиясы террорчулук менен күрөшөрү, ошол эле мезгилде Афган аскерлерин окутууга салым кошору баса белгиленген.

Көп аскер жиберилет

Лагердин курулушу качан аяктары жана анын масштабына байланыштуу маалыматтар жазылган эмес. Антсе да кабарда аз сандагы аскер жайгаштыруу, курал жеткирүү пландалганы белгиленген. Ошондой эле каржылык жагы абдан кымбат долбоор экени баса белгиленген.

Вакхан коридору Кытайдын батышындагы Синьцзянга 350 чакырым аралыкта жайгашкан. Афганистан Кытай 2013-жылы баштаган Алкак жана жол долбооруну алкагында курула турган инфратүзүмдөр жайгашкан Орто Азия өлкөлөрүнүн бири. Кытай Афганистанга акыркы үч жылда көрсөткөн аскердик жардамы 70 миллион доллардан ашкан.

Пекин бийлиги Афганистандан мурда алгачкы аскердик базасын Жибутиге курган. Ал Инди океаны аркылуу гуманитардык жардам, Кытайга тиешелүү кемелер менен аскердик логистикалык колдоо максатында иштегени маалымдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!