Аянтты аары каптады

Аянтты аары каптады
29-Авг. 2018, Шаршемби, 14:34

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы белгилүү туристтик жайлардын бири “Times” аянтын аарылар каптады. Сосиска кошулган сендвичтин калкалагычына үйүлгөн аарылардан улам полиция бир нече убакытка ал аймакты жапты.

Нью-Йорк полициясынын атайын бөлүмү аарыларга зыян келтирбөө үчүн вакум ыкмасын колдонуп, аларды башка аймакка көчүрдү.

Аарычылык тобунан Эндрю Кот билдирүүсүндө аарылардын мындай баскыны негизинен жаз айларында болорун айтты. “Балким алар сосиска кошулган сендвич жегиси келгендир”,-деген тамаша сөзүн кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!