Маалымат агенттиктери көтөрүлүш жасады

Маалымат агенттиктери көтөрүлүш жасады
6-Сен. 2018, Бейшемби, 11:25

Европанын алдыңкы маалымат булактары "Google менен Facebook компанияларын медиадагы маалыматтарды колдонуп жатат",- деп айыптады. Тагыраак айтканда Европанын менмин деген маалымат агенттери Google жана Facebook сыяктуу интернет дөөлөрүнүн маалымат каражаттарынан алынган маалыматтарга акы төлөнүш керектигин айтты.

DW Түркиянын маалымат булагына караганда интернет дөөлөрүнүн медианын маңызын рекламалык роликтер түзгөндүгүн, медиа алардан ири сумма алып жаткандыгын айтты. Муну менен бирге жарнамалык маалыматтарды башка компаниялар акысыз эле пайдаланып жаткандыгы туура эмес деп эскертип өттү. Ошонун себебинен улам Германия агенттиги dpa, Француз кабар агенти AFP, Британ кабар агенттиги “Press Association” жана Түркиянын “Anadolu” кабар агенттиктеринин жетекчилери Европа парламентинде өткөн жыйында мыйзамдагы мындай теңсиздикти жоюуга чакырык жасады.

Билдирүүдө Google жана Facebook колдонуучулардын мыйзам долбоорунда акысыз интернет колдонуу негизине каршы түзүмдөр сакталганга карабай. Facebook 2017-жылы миллиард доллар, Google компаниясы болсо 12 миллиард, 700 миллион киреше тапкандыгына көңүл чордонунда болду.

Ошентип бул жыйында “акыйкат төлөм арызы” сунушталды. Башкача айтканда маалыматтарды пайдалануучулар колдонууда “акыйкат төлөм арызы” болушу керектиги каралды.

Автордук укуктардын сакталышы боюнча долбоорлор Европанын парламентинде четке кагылган эле. Аталган мыйзам долбоорго 12-сентябрда кайрадан добуш берилмекчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!