Түркия экономикалык кризиске чара колдонуш керек?

Түркия экономикалык кризиске чара колдонуш керек?
6-Сен. 2018, Бейшемби, 14:15

Германиянын “Die Welt” гезити Түркиянын карыздарды карыз менен жабуу жолун тандаганы үчүн, андагы экономикалык кризис мындан ары да уланарын белгилеп өттү.

Тагыраак айтканда Анкара экономикалык ченөө киргизбесе Түркия Венесуэла мамлекетинин кейпин кийе тургандыгын айтылды. Борбордук банктын иши татаалдашып жаткандыгынан жана Ердоган туруксуз саясат жүргүзгөндүгүнөн улам Түркия мамлекети экономикалык кризиске учурап жаткандыгы айтылат. Эгерде Түркия мамлекети тезинен бул боюнча чаралар көрүлбөсө, анда Аргентина жана Венесуэла мамлекеттеринин кейпин кийе тургандыгын дагы бир ирет белгилеп өттү. Ошондой эле жыл соңунда Түркия мамлекетинин 25%дан 30% пайызга чейин инфиляцияга учурашы мүмкүн экендиги эскертилди.

Бул макалада Түркиянын каржылык жана саясий кризиске кабылуусу боюнча айрым эксперттердин көз караштары да чагылдырылган. Анда бул кырдаалдан чыгуу үчүн экономика саясатында конкреттүү кадамдарды жасашы керектигине басым жасалды.

Түркия мындан нары кандай абалда кала тургандыгы боюнча төмөнкүлөр айтылды: “Түркия Венесуэла мамлекети сыяктуу эң жогорку инфиляция маселесине туш болушу мүмкүн. Венесуэла мамлекетинде учурда кырдаал бир калыпка салынгандыгы айтылып өттү”.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!