Кичинекей бала лазер ойноп көзү көрбөй калды

Кичинекей бала лазер ойноп көзү көрбөй калды
6-Сен. 2018, Бейшемби, 15:35

Англиялык кичинекей бала Арчи Мэпсон апасын укпай лазер оюнчугун ойноп жатып көзүнүн көрүүсүнөн ажырап олтурат. Көрсө ал лазерди көзүнө күйгүзүп тынбай ойной берген. Ошондо баланын көзүнө күчтүү нур чачырап, анын көзүнүн ичи күйгөнгө чейин барган. Арчини ооруканага алып барганда доктурлар бул окуяга өздөрү да таң калган. Арчи болгону тогуз жашта экендиги тууралуу “Metro” агенттиги кабарлайт.

Апасы уулунун өтүнүчү менен баласына лазер оюнчугун алып берген. Бирок, апасы баласына бул оюнчукту берип жатып көзүнө мээлебестигин эскертип өткөн. Баласы биз көзүбүз менен жарыкты караганда караңгылашуу пайда болсо керек деген ой менен лазерди көзүнө улам мээлеп ойной берген. Эртеси күнү Арчи апасына көзү көрбөй жаткандыгын айткан. А бирок апасы баласына маани деле бербей, аллергия болуп жатат окшойт деп дары берип коёт. Кийин Арчи апасына көзүнө кара чекиттер көрүнүп жаткандыгын айтып, андан кийин тамгаларды айырмалай албай жана адамдардын беттерин көрө албай калгандыгын айтат.

Арчи көзөмөлдөн өткөн соң, доктурлар анын эки көзү тең зыян тарткандыгын айтышты. Тагыраагы эки көзүнүн тең көрүүсүнөн ажыраган. Рентгендин жыйынтыгында, лазерди көбүрөөк мээлеген көзү кара тешик сыяктуу көрүнгөн. Ошентип Арчи кайсы бир оюнчуктун айынан көзүнүн көрүүсүнөн ажырап отурат.

Арчинин апасы “Мен учурда оор абалдамын. Эми мен оюнчук саткан дүкөн менен соттошомун”,- деп айтат өз сөзүндө. "Мен эч убакта ойлобоптурмун дүкөндөн сатып алынган кичине бир оюнчуктун айынан баламдын көзү көрбөй калат",- деп ойлобоптурмун.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!