Япониядагы жер титирөөдөн 27 киши көз жумду

Япониядагы жер титирөөдөн 27 киши көз жумду
8-Сен. 2018, Ишемби, 14:30

Япониянын Хоккайдо аралындагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 27 адамга жетти. 13 кишинин дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу ишемби күнү жапон өкмөтүнүн баш катчысы Ёсихидэ Суга Токиодогу маалымат жыйында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, куткаруу-издөө иштерине 40 миңден ашуун куткаруучу, полиция кызматкерлери, коргоо күчтөрүнүн өкүлдөрү жана кырсыктын кесепетин жоюуга 75 тик учак тартылды.

Эскерте кетсек, Япониянын Хоккайдо аралында бейшембиде "Жэби" тайфунуна удаа кубаттуу жер титирөө болгон. Анын күчү очогунда 6,7 баллга жетип, 37 километр тереңдикте силкинүү катталган.

Абира, Ацуми шаарларынан тартылган видеодон кырсыктан кийин жерден жарака кетип, жер көчкү жүрүп үйлөрдү басып калганы, жарым- жартылай ураган имараттар көрүнөт. Андан 300дөй киши жабыркады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР